Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Пресс-релиз 2011-жылдын 5-майы Кыргызстандын Түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык Комиссиянын Отчету боюнча
 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Пресс-релиз
2011-жылдын 5-майы

Кыргызстандын Түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык Комиссиянын
Отчету боюнча

Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык Комиссиянын  Отчету Комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен тарабынан Бишкек шаарында 2011-жылдын 3-майында таркатылган. Отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчетко карата пикири-комментарийи менен кошо таркатылган.

Комиссия  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан постсоветтик аймак үчүн мурун болуп көрбөгөндөй ачыктык жана кызматташуу, ошондой эле Комиссиянын иши үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө жана окуя боюнча болгон маалыматтарга ээ болуусуна көмөк көрсөткөндүгүн  белгилеп кеткен.

Кыргызстандын Өкмөтү Комиссиянын маанилүү жана көлөмдүү иши үчүн жогору баалайт, анын абройлуу жетекчилигине Кыргызстандын түштүгүндө болгон трагедиялуу окуяны бардык күч-аракеттери менен иликтөөлөрү үчүн ыраазычылыктарын билдирет.
Кыргызстандын Өкмөтү Комиссиянын Отчетунда көрсөтүлгөн айрым жыйынтык жана сын-пикирлери менен макул. Өкмөт болгон окуялар үчүн Убактылуу Өкмөттүн жоопкерчилигин алып сала албайт. Өз күнөөсүн Убактылуу Өкмөт 2010-жылдын 16-июнунда Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка болгон кайрылуусунда эле ачык жана даана өз моюнуна алган.

Июнь айындагы трагедиялуу окуялардын кедергилерин жоюу жана мүмкүн болушунча азайтуу, мындан ары мындай окуяны болтурбоо, алдын алуу үчүн Кыргызстандын Өкмөтү бардык болгон күчүн жумшап келет.  Комиссия тарабынан сунушталган бир топ сунуш-пикирлер чыр-чатак токтогон күндөн баштап ишке ашырылып келе жатат.

Кыргыз Өкмөтү Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында өткөн окуялар боюнча Комиссиянын сунуштарын жана башка баяндама, изилдөөлөрдө сунушталган сунуш-пикирлердин ишке ашырылышы  жана аны байкоо боюнча атайын Комиссия түзүү үстүндө иштөөдө.

Кыргыз Өкмөтү чыр-чатакты изилдөөдө аныкталган адам укуктарынын бузууларына жол берилген фактылар өзгөчө көңүлдү талап кыларын жана күнөөлүүлөрдү жазага тартууну моюнга алат. Өкмөт укук коргоо системасында  абалды жөнгө салуу боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүүнү колго алган. Адам укуктарынын бузуулары боюнча бардык фактылар изилденет жана бул үчүн күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат. 

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз комментарийинде Комиссиянын айрым жыйынтык жана жоболору менен макул эместигин билдирип кетет. Тактап айтканда, эл аралык укук боюнча  укук бузуулардын жана кылмыштардын квалификациясы боюнча жана конкреттүү адамдын атын атоо менен күнөлүүлөрдү аныктоо, чыр-чатакты жоюуда Убактылуу Өкмөттүн бир тараптуу иш-аракетин чагылдыруу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пикири боюнча 2010-жылдын 10-14-июнунда болгон трагедиялуу окуя этникалар аралык чыр-чатактан келип чыккан, мында эки тарап тең куралданып, бири-бирине карата уруп-сабоо, кордоо аракеттерин жасашкан жана эки тарап тең жоготууларга учураган.

Кыргыз Өкмөтү 2010-жылдын июнунда болгон трагедиялуу окуялар тээ мурунтан келе жаткан тарыхый, социалдык-экономикалык, саясий себептерге ээ жана этникалар аралык чыдамсыздыктын негизиндеги кагылышууларга караганда бир топ кеңири аймактык себепке да ээ экендигин билдирет. Чыр-чатак өлкө социалдык-экономикалык жана саясий оор акыбалда турганда 2010-жылдын 7-апрелинде тарттырып жиберген бийликти кайра колго алуу максатын көздөгөн мурунку режимди жактаган тараптан  колдоого алынган. Кагылышууларда уюшулган криминалдык топтордун катышуусу, алардын ичинде баңги зат сатуучулардын чыр-чатакты ого бетер күчөтүүсү маанилүү фактор болуп саналат.

Комиссия июнь окуяларын геноцид же куралдуу кагылышуу деп атоого мүмкүн эмес деген объективдүү жыйынтык чыгаргандыгын Кыргыз Өкмөтү белгилеп кетет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссиянын Ош шаарындагы июнь окуяларды адамзатка каршы кылмыш катары квалификациялоо үчүн жетиштүү негиздер келтирилбегенин белгилейт.

Ошондой эле Кыргыз Өкмөтү Комиссиянын бир эле этникалык топтор тарабынан уюшулуп, жасалган кылмышты эске алуу менен, ошол эле топтун өлүмү, курмандыктары эсептелбей, башка топтун өкүлдөрү жабыр тартуучу, коргоосуз, жактоосуз калганын көрсөтүүчү фактылар камтылган документин чындыкка такыр туура келбеген факт катары карайт.

Ошондой эле чыр-чатак мезгилинде Убактылуу Өкмөттүн колунда этникалар аралык кагылышуулардын масштабдуу түрдөгү провокацияларына каршы туруучу жетиштүү саясий, каржылык, укук коргоочу, күч ресурстардын болбогондугун да эске алуу маанилүү орунда турат. Бирок ушундай катаал, оор шарттарда кыргыз эли жана кыргыз бийлиги өз алдынча тышкы жардамдарысыз бир аз күндүн ичинде кагылышууларды токтотуу менен чыр-чатактарды жое алды.

Кыргыз Өкмөтү эки тараптын чыр-чатактарын жоюуга, эки элди элдештирүү үчүн, ал окуялардын калдыктарын жоюу үчүн болгон күч аракетин жумшады жана бүгүнкү күнгө чейин ал иштерди улантып келүүдө. Ошентсе да чыр-чатак болгон жерлерде азыркы күнгө чейин абалдын  чыңалып тургандыгы байкалууда жана айрым социалдык-экономикалык маселелер чечилбеген бойдон калууда. Мындай кырдаалда Комиссиянын Отчетундагы айрым жыйынтыктар жакынкы күндөрү өлкөбүздө баштала турган президенттик шайлоо кампаниялардын иштеринде демократиялык реформалардын каршылаштары кырдаалды туруксуздантырууга жана ички реванштык күчтөрдүн позициясын күчөтүүлөрү үчүн терс таасирин тийгизет.

Кыргызстандын Өкмөтү 2010-жылдагы окуялар боюнча тийиштүү жыйынтыктар эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде мындай чыр-чатактарды жоюуга, жок кылууга көмөктөшүү үчүн чакырылган эл аралык уюмдар тарабынан  туура, объективдүү чыгарылат деген ишенимде.